super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев мандат алат. "Альянс" партиясы БШКны Жогорку Сотто дагы утуп алды

 

Жогорку Сотто "Альянс" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жобосун жокко чыгаруу тууралуу доосу каралды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Сот аталган ишти карап чыгып, Бишкек шаарынын административдик сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Белгилей кетсек, БШК 15-декабрда партиялык тизме менен шайланган талапкерлер арасында 30 пайыз гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат боло турган болгон. Акаев бул чечимди сынга алып, "Альянс" партиясы аталган жобону жокко чыгаруу талабы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

Сот 21-декабрда "Альянс" партиясынын пайдасына чечим чыгарган.

Буга нааразы болгон БШКнын юристтери Жогорку Сотко кайрылган болчу.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: