super.kg logo

Чүйдө 20 тонналык контейнерди уурдоого шектелип аял киши кармалды

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда уурулук фактысына шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Аламүдүн РИИБине Кара-Жыгач айылынын 34 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 20 тонналык контейнерин жана чарба буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 110 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип Чүй облусунун жашоочусу А.Т. аттуу аял кармалган. Териштирүү учурунда шектүүнүн Көк-Жар айылында катталган дагы бир кылмыш ишине тиешеси бар экендиги маалым болгон. Териштирүү иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.12.2021. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо жаман аял экенго контенерди урдаган болсо суйроп кеткенго
29.12.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыз Ушул аялдын колунан келмек беле милиция вообщ эле элди тупой кылотат же оздору тупые))) лопну от смеха
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: