super.kg logo
  Саясат  

Бактыбек Калмаматов абактан кайрылуу жасады

 

Абактагы саясатчы Бактыбек Калмаматов кайрылуу жасады. Билдирүүнү саясатчынын жактоочусу Айым Камчыбекова жарыялады.

Ал кайрылууда саясатчы абакта мыйзамсыз отурганын жана ага карата каралоо жүрүп жатканын жазган.

Ошондой эле аны “бийлик менен сүйлөшүп, Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Текебаев жана Жылдызкан Жолдошевага каршы көрсөтмө берип жатыптыр” деген маалыматтар жалган экенин билдирген.

Бактыбек Калмаматовдун кайрылуусу толугу менен төмөндө:

“Урматтуу мекендештер!

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой мен учурда камакта отурам. Мага коюлуп жаткан айып акылга сыйбайт жана адилетсиз. Бирок сөз башкада. Тилекке каршы, менин душмандарым абакта отурганымдан пайдаланып үстүмдөн ар кандай каралоолорду уюштуруп жатышат. Тагыраагы, мага байланыштуу ар кандай жалган маалыматтарды соц.тармактарда жайылтышууда. Мен камакка алынгандан бери бир да жолу суракка алынган жокмун. Жактоочуларымдан башка эч ким менен сүйлөшө элекмин.

Бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр, Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага карата көрсөтмө берип жатыптыр деген маалыматтар толугу менен жалган жана кимдир бирөөлөргө карата каршы көрсөтмө берүү ниетим да жок. Андай болушу да мүмкүн эмес. Тескерисинче, мага кырдаалдан көз карандысыз ар тараптан колдоо көрсөтүп жатышкан ар бирине, өзгөчө калың элиме терең ыраазычылык билдирем. Аллахым сиздерден эки дүйнө ыраазы болсун!

Урматым менен Бактыбек Калмаматов

28.12.2021”.

22-декабрга караган түнү Бактыбек Калмаматовду аэропорттон кармап кетти деген маалыматтар тараган. Буга улай эле Калмаматовдун аэропорттон жасаган видео кайрылуусу тараган.

Андан кийин анын жактоочусу Калмаматов 48 саатка УКМКнын СИЗОсуна камакка алынганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: