Бишкекте талап-тоноо кылмышына шектүүлөр кармалды
Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Аламүдүн районунун 19 жаштагы И.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Ал 18-ноябрь күнү саат 18.00 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз 3 адам күч колдонуу менен тоноп, жанындагы Самсунг-6102 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын айтат. Биринчи Май райондук милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринен улам кылмышка шектүү делинип Ак-Өргө жаңы конушунун 18 жаштагы С.Н. аттуу тургуну кармалды.
Учурда факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.