super.kg logo

Алматыда балдарды уруп-сабаган тарбиячы өз жанын кыйды

 


Казакстандын Алматы шаарындагы бала бакчалардын биринде балдарды сабаган тарбиячы өз жанын кыйды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тарбиячы тарабынан сабалган балдардын видеосу социалдык тармактардын бирине тарап кеткен. Балдарды сабап жаткан тарбиячы WhatsApp мессенжери аркылуу ата-энелер тайпасына кокусунан видеону, жазууларды жиберип алган. Ал тааныштарына видеону жөнөтүп, көк ала тактарды кантип жок кылуу боюнча кеңеш алгысы келген.

Белгилей кетсек, окуядан кийин бала бакча жетекчилиги тарбиячыны жумуштан кетирген. Ал бала бакчада 2 жыл иштеген.

Укук коргоо кызматкерлери уруп-сабоо фактысы боюнча тергөө иштерин баштаган. Учурда тарбиячынын өзүнө-өзү кол салуусунун жагдайлары дагы такталып жатканы кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: