super.kg logo

Жалпы суммасы 1 жарым миллион сомдон ашат. Тажикстанга момпосуй жана өсүмдүк майын мыйзамсыз алып өтүү ишине бөгөт коюлду

 

Баткен облусунун Лейлек районунда жалпы суммасы 1 жарым миллион сом болгон жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, жүктөр бүгүн, 28-декабрда алынды.

Билдирүүгө ылайык, Лейлек районунун Борбордук айылына кире беришинен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү 4 унаа токтотулган. Унаалар Кыргыз жарандарынын башкаруусунда болгон.

"Айдоочулар Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга 3200 килограмм момпосуй, таттууларды, 3300 литр өсүмдүк майын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Азыктардын тиешелүү кагаздары болгон эмес. Алдын ала маалымат боюнча, азыктардын жалпы суммасы 1 миллион 537 миң сомду түзөт.

Тиешелүү протоколдор толтурулгандан кийин айдоочулар жана алынган жүктөр андан аркы тергөө үчүн компетенттүү кызматтарга өткөрүлдү", - дешет маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.12.2021. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уятта эми. Алар эки кундун бириде тийишип турса. Биздикилер аларга жук киргизип журот
28.12.2021. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит экенго ит
29.12.2021. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озумда чек арада турам . Журок калбады жашаганга. Биздикмлер дагы деле тыйылбайт. Бир жерин жапса башка жеринен киргизет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: