super.kg logo

"Студенттерге диний китептерди мажбурлап окутуп жатат" деген билдирүү боюнча териштирүү башталды

 

Чүйдө колледждердин биринде мугалимдер башка диндер тууралуу китептерди кыйнап окутуп жатканын студенттердин бири айтып чыкты. Бул боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери башталганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, Шопоков шаарындагы колледждердин биринде окуган студенттер видео кайрылуу жасашкан.

илиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Шопоков шаарындагы билим берүү мекемелеринин биринин студенттеринин видео кайрылуусун ачып, анда аталган мекеменин мугалимдери аларга башка диндин китептерин мажбурлап окутуп жатышканын аныкташты. Ошондой эле билим берүү мекемесинин ректору окуудан баш тарткан учурда студенттерди окуудан чыгарары да кайрылууда айтылган.

Бул факты каттоого алынды. Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле комплекстүү иликтөө максатында Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда", - дешет башкармалыктан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.12.2021. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мечит эмесда колледж.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: