super.kg logo

Окумуштуулар ысык чай ичүү кызыл өңгөчтүн рагына алып келиши мүмкүн экендигин эскертишти

 

Ысык чайды көп ичүү кызыл өңгөчтүн рак оорусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, температурасы 60 градус ысыктан жогорку болгон ысык чайды ичүү кызыл өңгөчтүн залалдуу шишик дартына алып келүү коркунучун жогорулатат. Бул маалымат 500 миңден ашуун адамга карата жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган.

"Көпчүлүк ысык чай, кофе же башка ысык суусундуктарды ичкенди жакшы көрүшөт. Бирок биздин изилдөөдө ысык чайды көп колдонуу кызыл өңгөчтүн рак илдетине алып келери белгилүү болду. Ошондуктан чайды ысык ичпей, бир аз сууганда ичүү керек", - деген америкалык онкологиялык ооруларды изилдөө борборунун адиси Фархад Ислами.

Изилдөөгө ылайык, күн сайын температурасы 60℃'тан жогору болгон ысык чайды ичкен адамдарда кызыл өңгөчтүн рагы 90 пайызга жогорулаган.

Андан сырткары алкоголдук ичимдиктер жана тамеки чегүү да кызыл өңгөчтүн рагына алып келүү коркунучун жогорулата тургандыгы айтылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: