super.kg logo

Кыргыз сүрөтчүлөрү Нур-Султан шаарында Жаңы жылдык балатыны желим буюмдар менен кооздошту

 

Кыргыз өлкөсүнүн DOXA арт-тобунун сүрөтчүлөрү Нур-Султан шаарындагы менчик мектептердин бириндеги Жаңы жылдык балатыны бир жолу колдонулуучу желим буюмдар менен кооздошту. Бул тууралуу алар Инстаграм баракчасы аркылуу билдиришет.

"Бул биздин желим буюмдардан жасаган биринчи ишибиз эмес. Буга чейин да көп жолу жасаганбыз. Желим буюмдар менен кооз жана кызыктуу нерселерди жасоо менен биз бир жолу колдонулуучу желим буюмдар күнүмдүк турмушта колдонуу үчүн натыйжасыз экендигин, буларды экологиялык буюмдар менен алмаштыруу керектигин айткыбыз келет", - деп жазышкан.

Ошондой эле алар желим буюмдардан биротоло баш тартуу мүмкүн эмес экендигин кошумчалашты.

"Бир жолу колдонулуучу желим буюмдардан, идиштерден толугу менен арылуу мүмкүн эмес. Бирок аларды керектүү жана максаттуу түрдө колдонсо болот. Ал эми тамак-аш үчүн бир жолу колдонуп, көчөгө таштап салуу экологияга, курчап турган чөйрөгө зыян экендигин түшүнүү керек", - дешет сүрөтчүлөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: