super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев Орусияда кыргыз диаспораларынын лидерлери менен жолугушту

 
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Москва шаарында 18-ноябрь күнү Орусиядагы кыргыз диаспораларынын лидерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
 
Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Москвага Кыргызстандан социалдык топ келерин айтты. Алар орусиялык кесиптештери менен биргеликте Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдө эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетүү максатында иш алып барарын кошумчалады. 
 
“Орусиянын аймагында иштегиси келген биздин жарандарды даярдоо үчүн Кыргызстанда 5 техникалык лицей тандалып алынды. Эмгек мигранттарын даярдап, керектүү адистиктерге окутуу жана чет өлкөгө келгенде укуктарын коргоо аспектилерине көңүл буруу зарыл. Аталган процесс жумушчуларды тандап алуудан баштап, ишке орноштурууга чейин  жакшы уюшулуусу керек. Эгерде өз алдынча келсе, кандайдыр бир көйгөйлөргө туш болуусу мүмкүн. Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын акыркы маалыматына ылайык, 28 600 мекендешибиз "кара тизмеде" турат. Биз алардын аты-жөнүн берүүнү сурадык”,- деди Сатыбалдиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: