super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Москвада кыргыз мигранттары жашаган күркөдөн өрт чыгып, бир адам каза болду" дейт окурман

 

Орусиянын Москва шаарынан окурман SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылды. Анда ал Москва шаарындагы кыргыз ишчилери жашаган жайда өрт чыгып, бир адам каза болгонун айтты.

"Москва шаарында кечээ болжол менен саат 16:20 чамаларында кыргыз ишчилери жашаган жайда өрт чыгып, бир адам каза болду.

Алдын ала маалыматка караганда, алар спирт ичимдигин ичишкен. Каза болгон адам уктап жаткан, бир адам орто күйүк алып, сыртка качып чыкканга үлгүргөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби белгисиз", - деп билдирди окурман.

Бул боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Москвада кыргыз мигранттары жашаган жайда өрт чыкты

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.12.2021. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элчиликти акырында баары билип бутуп,такталганда кийин анан табасын.Ага чейин алардын иши деле жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: