super.kg logo
  Саясат  

“Убакыт көргөзөт”. Нурланбек Шакиев аны төрага болот деген сөздөргө жооп берди

 

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары алгачкы жыйынга чогулушту. SUPER.KG`нин кабарчысы №17 Аксы шайлоо округунан шайланып келген Нурлан Шакиевди кепке тартып, алгачкы аракеттери кандай болорун сурады.

“Бул парламент мурдагылардан кескин айырмаланып, жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык тизме менен шайланган аралаш парламент болуп жатат. Бул парламенттин өкмөттү куроо укугу жок болгон менен калган укуктары мурдагы парламенттегидей эле күчкө ээ. Негизи мыйзам чыгаруу ишинде олуттуу жаңыча иштерди алып барышыбыз керек. Сандан сапатка өтүүбүз керек. Мурдагылар бир мөөнөттө 1,5 миң мыйзам кабыл алдык деп жарышып келген. Элге иштей турган жакшы мыйзамдарды кабыл алуубуз керек”, - дейт эл өкүлү.

Ошондой эле өзү шайланып келген Аксы округунун көйгөйлөрүн парламенттин трибунасында жаңыртып турарын жана аларды чечүүнүн системалуу аракеттерин көрөрүн белгиледи.

“Мен Аксы районунун көйгөйлөрүн угуп, көрүп жүргөм, бирок бул жолу жакындан таанышып, жакындан көрүп келдим. Алардын бир тобун аткаруу бийлиги менен бирге ушул 5 жыл ичинде чечкенге аракет кылабыз. Анан айрым иштер боюнча бир топ мыйзамдардын демилгечиси болобуз, себеби андай көйгөйлөр жеке эле Аксы районунда эле эмес, бүт республикада окшош”, - деди Шакиев.

Ал эми аны төрага болот деген кептер боюнча кыска гана “убакыт көргөзөт" деген жооп узатты.

“Эми ушундай сөздөр болуп жатат, аны эми учур көргөзөт”, - дейт Шакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: