Адахан Мадумаров ант берип жатып Конституцияга колун коюуну унутуп калды (видео)
Бүгүн, 29-декабрда саат 11:00дө парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтүүдө.
Анда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган Адахан Мадумаров ант берип жатып Конституцияга колун коюуну унутуп калды. Анда залда отурган депутаттар "кол, кол" деп эскертишти.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин 54 депутаттык мандаты төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлгөн.
-
«Ата-Журт Кыргызстан» – 15 депутаттык мандат;
-
«Ишеним» – 12 депутаттык мандат;
-
«Ынтымак» – 9 депутаттык мандат;
-
«Альянс» – 7 депутаттык мандат;
-
«Бүтүн Кыргызстан» – 6 депутаттык мандат;
-
«Ыйман Нуру» – 5 депутаттык мандат.
Адахан Мадумаров ант берип жатып Конституцияга колун койгонду унутуп калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3

