Билл Гейтс Жер планетасын сактап калуунун жолдорун сунуштады
Миллиардер Билл Гейтс Wired журналына жазган макаласында таза өнөр-жай революциясы жерди климаттык катастрофадан сактап калат деп жазган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Билл Гейтс парник газдарын чыгарбай азык-түлүк өстүрүү жана электр энергиясын өндүрүү жолдорун сунуштаган. Ишкердин айтымында, бул мүмкүн.
Билл Гейтс кошумчалагандай, жаш активисттер жана акционерлер бийликтен бул багытта реалдуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн жоопкерчиликти алууну талап кылышы керек.
Ишкер менчик жана мамлекеттик сектор органикалык продукциянын рыногун түзүүнүн үстүндө иштей баштайт деп ишенет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.