super.kg logo

Путин мурдагы СССРдин жарандары үчүн Орус жарандыгын алууну жеңилдетүүнү сунуштады

 

Владимир Путин Мамлекеттик Думага Орусиянын жарандыгы боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын тексти Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын электрондук маалымат базасында жарыяланды. Бул тууралуу орусиялык басылмаларда жазылды.

Анда айтылгандай, документ Орусиянын 2019-2025-жылдарга мамлекеттик миграциялык саясатынын концепциясын ырааттуу ишке ашырууга багытталган. Анын негизинде Орус жарандыгын алуу жана токтотуунун негиздерин, шарттарын, тартибин аныктоо сыяктуу мамилелерди жөнгө салат.

Жаңы мыйзам долбоору орус паспортун жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала турган адамдардын 20дан ашык кошумча категориясын камтыйт, атап айтканда:

  • Мекендештер (мурдагы СССРдин жарандары жана алардын балдары, ыктыярдуу көчүрүү программасынын катышуучулары);
  • Орусиянын аймагында Орус жарандыгы бар жакын туугандары барлар;
  • Орусиянын аймагында же Советтер Союзунун аймагында туруктуу жашагандардын урпактары;
  • Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн жарандыгы бар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери;
  • Орусияга атайын кызмат өтөгөн адамдар;
  • Кесиби, квалификациясы боюнча же башка себептер боюнча Орусиянын кызыкчылыгындагы адамдар;
  • 1992-жылдын 6-февралына карата Орусиянын аймагында жашаган мурдагы СССРдин жарандары;
  • 1992-жылдын 6-февралына чейин Орусиянын аймагында туулгандар;
  • Туулган күнүндө ата-энесинин жок дегенде бири мурдагы СССРдин жараны болгон жана Орусияда туруктуу жашагандар;
  • СССРге же Орусияга аскердик ант берген жана 1992-жылдын 6-февралында башка мамлекеттердин аймактарында Орусиянын аскердик бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн аскер адамдары.
Ошол эле учурда алардын башка жарандыгы бар экени Орусия жарандыгын берүүдөн баш тартууга негиз болбойт. Мыйзам долбоору Орусиянын жарандыгын токтотуу институтун киргизет.
Ал эми Орусиянын жарандыгынан ажырай турган аракеттердин тизмеси кеңейүүдө. Аларга террордук кылмыштардан тышкары мамлекетке каршы оор кылмыштар жана баңги кылмыштары да кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
30.12.2021. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Супер инфо,супер кж эмне учун Кыргыз мамлекетинин атынан Голос теле шоусуна катышып финалга чейин жеткен Александр Волкодав жонундо жазбайсынар. Эртен финал болот деп жатышат силер аркылуу окуп маалымат алган биздин РФтеги мекендештер колдоо корсотушу мумкун эле да
30.12.2021. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
XAN-TORO,Супер хайп маалымат,фейк маалымат жазат.Андайлар менен башын оорутпайт.Билесин го жалаң сабатсыз журналисттер иштеп жүрүшөт.
30.12.2021. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mister-XXX,Туура айтасын
30.12.2021. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка улутка караганда орустардын келечеги өтө туңгуюка бара жатат. Адамдын калкынын саны боюнча артка кетип атат. Ар кошкон элдердин санын кошуп эптеп кармап атат эсеп санын.дуйно жүзүнүн жек көрүүсү күндөн күнгө күчөөдө. Өз ара ички улуттардын баш көтөрүүсү. Деги койчу өтө чоң коркунучта турат орустар. Бирок Путин алардын баарын бир гана күч менен кармап турат
30.12.2021. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Asmat84, туура, орустардын саясаты начар жагына кетуудо. Батыш эле эмес, КМШ олколорун озуно каршы коюп баштады. Орус журналисттери эле эмес, орус бийлиги мигранттарга коп сайыла баштады. Бул кетиште Россия озу калышы мумкун. Орустардын улутчулдук саясаты Россиянын озун да чачыратып бытырап кетишине алып барат. Бул нерсе как раз АКШ менен Кытайга керек. Анткени Россия кортогон кендерге бай. Россия 10-20 мамлекетке чачырап кетсе, бул 2 держава буларды каалагандай калчайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: