super.kg logo

"Уйку келтирүүчү газ чачышып". Аскер котормочусу Саддам Хусейндин кармалышынын чоо-жайын ачыктады

 

Америкалыктар менен кызматташкан мурдагы ирактык котормочу Ирактын экс-президенти Саддам Хусейндин кармалышынын чоо-жайын ачыкка чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Котормочунун айтымында, ал Саддам Хусейнди кармоо операциясын жүргүзүп, америкалык аскерлер менен бирге болгон.

"Иш башталгандан кийин болжол менен сегиз ай өткөндөн кийин Ирактын экс-президенти кайда экени тууралуу маалымат алдык. Ал жер ферма болчу. Хусейн жүргөн ферма Тигр дарыясынан бир нече метр алыстыктагы Эль-Маабар аймагында жайгашкан", - деген котормочу.

Ал жайгашкан жерге америкалык атайын күчтөрдүн бир бөлүгү дароо жөнөтүлгөн.

"Ал жерден бир нече киши чыгарылды. Ошондон кийин мен "Булар кимдер?" деп сурадым. Көрсө алар Саддам Хусейнди камакка алуу үчүн жөнөтүлгөн атайын күчтөр экен. Бизге Саддам Хусейндин жанына жакындашыбызга тыюу салынган", - деп кошумчалаган ал.

Котормочунун айтымында, Саддам Хусейнди кармоо операциясында ал жайгашкан имаратка жана фермага уйку келтирүүчү газ чачышкан. Операциядан кийин апельсин дарактарынын көчөттөрү, тоту куштар, бодо малдар, жолбун иттер кандайдыр бир ак зат менен капталып, жаныбарлардын баары өлүп калган.

"Хусейн жашынган бөлмөдө туурасы 3,5 метр, узундугу 4 метрдей эки керебет болгон. Экс-президенттин буюмдарынын ичинен кымбат баалуу кийимдер, атыр жана жеке буюмдар, кол сааты, үй-бүлөсүнүн бир нече сүрөттөрү болгон", - деген котормочу.

Саддам Хусейн тик учак менен эвакуацияланган.

2006-жылы 30-декабрда 24 жыл (1979-2003) бийликте турган Ирактын 5-президенти Саддам Хусейн дарга асылган. Анын өлүмүнө өзүнүн адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видеотасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Себеби Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар пайда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
30.12.2021. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тынч жаткан элди чан, тополон кылгандары учун жооп береер кун алыс эмес. Эч нерсе жоопсуз калбайт.
30.12.2021. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Двойник окшойт
30.12.2021. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшогон адамдар дайыма бийликтеги адамдардын артында жүрүшөт,кызматы кичине соңуна карабайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: