Ысык-Көл. Григорьевка айылында 2 кабаттуу үй күйүп кетти
6-декабрь күнү саат 13:57 чамасында Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылынын Нурушев көчөсүндөгү №91-үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча Каракол шаарынын Өрткө каршы кызматынын кароол башчысы Алмаз Белеков билдирди. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнын Ысык-Көл райондук №35-өрткө каршы бөлүмүнөн (ӨКБ) 1 бөлүм, №33-ӨКБ 2 бөлүм тартылган. Өрттүн кесепетинен 2 кабаттуу турак үй чатыры менен, 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 2000 түк чөп, 1 бука (14 бука өрт өчүрүүчүлөр тарабынан сакталып калган), көмүркана 4 тонна көмүрү менен жана үй эмеректери күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда. Эске сала кетсек, тилсиз жоо саат 17:30да чектелип, 21:25те толук өчүрүлдү.
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		
  Талкуу жабык.
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














