Депутат Арсланбек Малиев Кыргыз өлкөсүнүн атын өзгөртүү керектигин айтты (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Кыргыз өлкөсүнүн атын өзгөртүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Октябрда бийлик алмашылды. Январда биз жаңы Конституцияны кабыл алдык. Ошону менен кошо көп-көп өзгөрүүлөр болду. Бирок биздин имиджибиз өзгөрбөй жатат. Мына биздин өлкөбүздүн Кыргызстан жана Кыргыз Республикасы деген эки аты бар. Эки атында дагы кыргыз сөздөрү жок. Стан деген бул фарсы сөзү, Республика деген - грек сөзү. Муну өзгөртүш керек", - деди Малиев.
2017-жылы дагы Арсланбек Малиев өлкөнүн атын “Кыргыз Эли” же “Кыргыз Каганаты” деп өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыккан.
Арсланбек Малиев Кыргыз өлкөсүнүн атын өзгөртүү керектигин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

