Ош. Бир суткада облуста 3 өрт кырсыгы болду
18-ноябрда Ош облусунда 3 өрт кырсыгы катталды. Кара-Суу районундагы Учар айылынын жашоочусу Н.Мурзамдун үйүнөн өрт чыгып, үйдүн чатыры, 8 терезе, 4 эшик, сыналгы, муздаткыч, 2 орундуу керебет, 4 килем жана жууркандары күйүп кетти. Ушул эле райондун Савай айылынын тургуну А.Абдусатаровго таандык сарайдын чатыры өрттөндү.
Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнүн жашоочусу А.Турсуновго таандык сарайдын чатыры, анда жыйылып турган чөп күйүп кеткени айтылды. Өрттүн келип чыгышына балдардын ширеңке менен ойноосу себеп болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.