"Эшигин көрүп төрүнө өт". Депутат Камила Талиева Ак Үйгө кирип нес болгонун айтты (видео)
Жогорку Кеңеш болуп көрбөгөндөй жүдөптүр. Мындай пикирин депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Талант Турдумаматович, сиз 6-чакырылыштын төрагасы болуп, 7-чакырылышка өткөрүп бердиңиз. Сизге кандай иштейсиз? деп суроо бергендин өзү ыңгайсыз экен дейт элем. Себеби "Эшигин көрүп төрүнө өт" дейт. Мына келип көрдүк. Жогорку Кеңеш болуп көрбөгөндөй жүдөптүр. Сиз эмне үчүн ушул сапатты көтөрбөдүңүз? Мен ошон үчүн сиздин төрагалыкка талапкер болгонуңузга ыңгайсыз болуп турам. Койбой эле койсоңуз болмок. Парламент эч качан мындай сапаты төмөн болгон эмес. Бүгүн келип биз, нес абалында турабыз", - деди Талиева.
Талант Мамытов Жогорку Кеңештин мындай акыбалга келишине октябрь окуясы себеп болгонун айтты.
Депутат Камила Талиева Ак Үйгө кирип "шок" болгонун айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

