super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов, мэр: “Түштүк магистраль–Тынчтык проспектинин кесилишиндеги унаага май куюучу жайдын иштешине жол берилбейт”

 

Бишкектин Түштүк магистраль – Тынчтык проспектинин кесилишиндеги унаага май куюучу жайдын (АЗС) иштешине шаар жетекчилиги жол бербейт. Муну бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында мэр Иса Өмүркулов айтты.   

“Бул станция баары бир иштебейт, кош стандарттуулукка жол берилбейт”,- дейт Өмүркулов.

Эскерте кетсек, бул май куюучу жай боюнча октябрь айында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов маалымат булактарына билдирүү жасаган. "Буга жол берип жатат" деп мэрди сындаган Бабанов “Бул май куюучу жай үчүн көчө боюндагы мырза теректерди кыюуга кимдин колу көтөрүлүп жатканын билбейм. Ал көчөдөн ырахаттануу менен өтөсүң. Айтып коёюн, эгер ал жерден бир түп терек кыйылса, "Республика" партиясы митингге чыгат. Бул теректерди кыюуга жол бербейбиз" деген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: