super.kg logo

O!Store тармагынын жана кардарларды колдоо кызматынын жаңы жылдык иштөө графиги

 

О! Мобилдик оператору бардык кыргызстандыктарды келе жаткан майрамдар менен куттуктайт жана майрамдык иштөө графигин билдирет.

Байланышта болуу үчүн балансыңызды алдын-ала толуктап алыңыз. Бардык толуктоо даректерин шилтеме боюнча o.kg сайтынан билсе болот.

2021-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарынын соода борборлорунда жайгашкан филиалдардан тышкары, бардык филиалдар 16:00гө чейин иштейт:

  • Дордой Плаза – 20:00гө чейин;
  • ЦУМ – 20:00гө чейин;
  • Аламедин Гранд – 20:00гө чейин;
  • Томми Молл – 18:00гө чейин.

2022-жылдын 1-январы бардык кеңселерде дем алыш.

2022-жылдын 2-январынан баштап төмөнкүлөрдөн тышкары бардык кеңселер штаттык режимде иштеп баштайт:

  • Беш-Сары –1-январдан 3-январга чейин дем алыш, 4-январдан баштап иштейт;
  • Табылга – 1-январдан 3-январга чейин дем алыш, 4-январдан баштап иштейт;
  • Жалал-Абад ЦУМ (Ленин көч., 40, «Айгүл» СҮ ЦУМ 1-кабат) – 1-2-январь күндөрү дем алыш, 3-январдан баштап иштейт.

ostore.kg интернет-дүкөнү штаттык режимде 09:00дөн 21:00гө чейин иштейт. Сиз каалаган маселелерди «Мой О!» тиркемесиндеги, lk.o.kg сайтындагы кеңешчилерге же Facebook, Instagram, «ВКонтакте», «Одноклассники», Twitter социалдык тармактарга жеке кайрылууларды жазуу менен 24 сааттын ичинде онлайн чече аласыз. Маалыматтык сурап-билүү кызматынын операторлору дем алышсыз иштешет.

О! Мобилдик оператору сиздерди жакындарыңыз менен туугандарыңыздарга белектерди алуу үчүн O!Store дүкөндөрүнө чакырат. Эгер сиздин убактыңыз тар болсо, анда 0705007000 номерине чалып койсоңуз жетиштүү болот, белегиңиз өзү келет – Бишкек боюнча акысыз жеткирүү иштейт. Дароо азыр майрамдык акциялар жүрүп жатат. Акцияга алдыңкы дүйнөлүк бренддердин смартфондорунун жана аксессуарлардын кеңири түрү киргизилген.

Жаңы жылга О! менен бирге.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: