super.kg logo

Баракелде! Мекендешибиз Александр Волкодав орусиялык "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү болду

 

32 жаштагы мекендешибиз Александр Волкодав орусиялык "Голос" шоусунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болду.

Популярдуу долбоордун финалына төрт катышуучу өткөн: Кыргыз өлкөсүнөн Александр Волкодав, казакстандык Алишер Каримов жана Ернар Садирбаев жана Орусиянын атынан Элина Пан катышкан.

Финалдын башында катышуучулардын ар бири өз насаатчылары менен бирге ыр аткарышкан. Александр Волкодав Пелагея менен бирге голландиялык ырчы Дункан Лоуренстин популярдуу ырын аткарды. Андан соң Сергей Трофимовдун «Казачья» аттуу ырын ырдады. Ал эми жыйынтыктоочу этапта «Луч солнца золотого» чыгармасын аткарды. Калыстардын чечими менен кыргыз өлкөсүнөн барган ырчы долбоордун жеңүүчүсү болду.

Эскерте кетсек, Александр Волкодав декабрь айынын башында "Голос" шоусунун кийинки туруна өткөн. Ал "ЧиЖ & Со" тобунун "Полонез" ырын аткарган.






Александр Волкодав орусиялык "Голос долбоорунун жеңүүчүсү болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
31.12.2021. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Келгенде жакшы тосуп алгыла эптемей болбой.Кайдагы Хабиб келсе жата калып шыйпаландабай
31.12.2021. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец. Ийгилике жеткен адамга дайыма дем берип туруш керек
31.12.2021. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жылдын мыкты инсандары тизсеге кошуш керек, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Валентина Шевченко, Александр Волкодав жана мен)))
31.12.2021. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин мигранттардын салымы чоң болсо керек деп ойлойм. Добуш берүүгө
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: