super.kg logo
  Саясат  

Аскар Салымбеков: "Салымбеков оппозицияны каржылап жатат" дегендей жалган маалыматты таратуудан алыс болууга чакырам"

 

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.

"Айрым социалдык тармактарда чыгып жаткан терс жана жалган маалыматтар тууралуу кайрылуу жасап коюуну туура көрдүм. "Аскар Салымбеков оппозицияны каржылап жатат" деген имиштерин төгүндөп, ошол маалымат булактарынан жалган маалыматты таратуудан алыс болууну чакырмакчымын. Мен ар дайым өлкөбүздүн саясий, социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүн колдоп келгем жана колдой бермекчимин. Эч качан саясий оюн кылып, тигил же бул тарап кылып бөлүнгөн да, бөлгөн да жокпуз. Эл шайлаган ар бир бийлик менен конструктивдүү иш алып барып, колдоп келдик.
Кадырман мекендештер, жалган маалымат таратып, каралап жана ошол маалыматтарга ишенип, күч-кубатыбызды тирешүүгө кетирүүнүн ордуна, биригип жаратман иштерди аткаралы", - деп жазды Салымбеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: