Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 10 адам жабыркап, бир жаран каза болду





Бишкек-Ош унаа жолунун 645-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter менен Субару Outback унаалары сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жол кырсыгынын кесепетинен Ош облустук ооруканасына жалпы 10 киши түшкөн. Алардын бешөө эркек, экөө аял жана үчөө балдар. Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы 1 эркек киши каза болгон. Жерине Кара-Суу райондук куткаруу кызматы тартылган", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.