super.kg logo

ПОЭТЕРАПИЯ: "Тентек колуң денемди кытыгылап..."

 

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Азиза Байзаева.

Азиза Байзаева 1999-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында төрөлгөн. 2017-жылы Өзгөрүш айылындагы Союзбек Чекиров атындагы орто мектепти аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырып, 2021-жылы аяктаган. Учурда Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти.

Сен тарапка

Аптыгып сен тарапка шашып бардым,

Энтигип, кечигип да басып бардым.

Сууз карап, туш тарапты турганыңдан,

Сен мени көп күткөнүң билип калдым.

Колуңда кызыл гүлүң бере салдың,

Гүлгө кошуп кучагыңа тартып алдың.

Койо бербей бир калыпта турганыңдан,

Сен мени сагынганың сезип калдым.

Койо бербей мени көпкө кармаганың,

Элжиреп, жүрөгүмдү жараладың.

Жолтоо болуп экөөбүздүн сезимдерге,

Жолдон бирөө өтпөсүн тилеп жаттым.

Албырып эки бетим ыссып жатты,

Жүрөгүм толтоосунан эчак чыкты.

Тентек колуң денемди кытыгылап,

Белден ылдый уламдаан жылып жатты.

Табитим мурдагыдай тартпай калды,

Жүрөгүмө көп нерсе жакпай калды.

Ажайып, ошол түндүн белеги деп,

Эне болуу бактысы буйруп калды.

2017-2018 жылы мен 1-курста окуп жаткан кез. Бир күнү эжейибиз сабакка келди да, "Эгерде ким жакшы текст жазып, мага тапшырса сабактан эрте бошотом" деп калды. Алдымда эки группалашым бирин-бири сырдуу карап отурган эле. Алардын тунук таза махабатын көрүп, колу кычышып, текст эмес эле ыр жазууга өттүм. Жазып бүттүм да, темасын "Сен тарапка" деп атап, ким даяр деп кыйкырып жаткан мугалимиме "мен" деп чыгып, аталган ырымды окуп бердим. Ырым группалаштарымдын купулуна толуп, "Жазып берсең, мен досторума окутат элем" деп сурангандары да болгон.

Нике шакек

Жыйналышта мен бүгүн жигит көрдүм,

Жашы улуу, бирок сулуу билип көрдүм.

Жыйынчактуу таралган кыска чачы,

Жибитти го жүрөктү кара кашы.

Үстүндөгү костюмдун өңү кара,

Жарашыктуу галстукту сөзгө сала,

Кайран көздү кашайтып издеттирген,

Кайда иштейт болду экен мындай бала.

Кыска жана түшүнүктүү бат сүйлөдү,

Калктын көбүн каратып ак сүйлөдү,

Колундагы китепке таяндыбы,

Айтор билбей чынында так сүйлөдү.

Жыйын бүтүп, жанына басып бардым,

Издегеним тапкандай шашып бардым,

Кыз болсом да биринчи таанышууга,

Уялбастан чынында жетип бардым.

Аста секин баарлашып суроо салдым,

Жылмайыңкы жүз менен жообун алды.

Кезектеги суроону берээр алдын,

Колундагы шакегин көрүп калдым.

Сизге бакыт, мага азап тартуулаган,

Нике шакек мени мынча ойго салган,

Сүйүү сөзүн айтууга камдап жаткан,

Тил тизгинин айласыз колго алдым,

Бактылуу бол деп ичимден күйүп, жандым.

Жолукпа

Булак көрсөң көзүн басып оолукпа,

Гүлдү көрсөң жулуп алып соолутпа.

Айрылыштан, бурулуштан чарчадым,

Жок дегенде жолдорумдан жоолукпа.

Ата-энеңдин көз жаштарын соолутпа,

Туугандардын каргышына жоолукпа.

Сагынып, сен деп жазган каттарымды,

Мактан тутуп, башкаларга окутпа,

Суранаарым сүйүү катын окутпа.

Унутамын

Унутууга мен сени тырышамын,

Убайымды анан мен, карыш алдым.

Узун сабак ырларды жазып алып,

Үшүгөндө оронуп, жамынбаймын.

Эстебеске мен сени камынганмын,

Элеп-желеп сезимдерди жөнгө салдым,

Эзилише кучакташкан сүрөтү бар,

Эски-жаман альбомумду ыргытамын,

Эми чындап мен сени унутамын.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
02.01.2022. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белден ылдый…..
02.01.2022. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Давно эле пакыл
11.01.2022. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтыш керек карындашым.Ырды оңой жаза салгандайсын.Ыр чыгарууда миң ойлонуп,мин өзгөртуп анан элге чыгар.Уйкаштык анча эмес,мааниси тар.
Ийгилик каалайм.
30.01.2022. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азизочка, каралдым. Ийгилик каалайм, албетте, кийинки чыгармачылыкка. Бирок, ырлар чийкирээк. Уйкаштыгы бар эле, бирок, сөздөр такыр эле жөнөкөй сыяктуу..

Айс систренка, бу, ката жазуу жагын качан калтырасыз? :)

"Жоолукпа" vs "Жолукпа"

Cалижан аке, супер-кабарлар жакты көрсө эбак эле асынып алмак болчу экен эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: