Орусияда Кыргыз-Өзбек мигранттарынын ортосунда массалык мушташ орун алды
Орусиянын Текстильщики районунда Кыргыз-Өзбек мигранттарынын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 1-январга караган түнү үч өзбек жараны менен он Кыргыз жаранынын ортосунда мушташ чыгып, натыйжада үч адам бычактан оор жаракат алган. Эки өзбек жараны жана бир Кыргыз жараны жабыркаган.
"Милиция жаңжалга катышкан тогуз Кыргыз жаранын кармады. Аларга өлкөдө жүрүү режимин бузуу боюнча административдик протоколдор түзүлдү. Бул берененин санкциясы Орусиянын аймагынан чыгаруу менен беш миңден жети миң рублга чейинки өлчөмдө айып салууга алып келет. Полициянын маалыматы боюнча, жалпысынан он адам кармалган. Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүгүнө ("ден соолукка атайлап залал келтирүү") ылайык, мигранттарга карата процессуалдык чечим кабыл алынган. Алдын ала маалымат боюнча, мушташка жеке пикир келишпестиктер себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.


Коронавирус күчөп, Кыргызстан продуктага муктаж болуп атканда Өзбекстан эң биринчи болуп вагон вагон продукта акысыз берген жардам деп. Мирзиеев президент болгондон бери мамилебиз сонун болуп жылып калды.
Айтаарым кыргыздар, өзбектер менен урушпагыла! Анча мынча жерден өпкөнү ылдыйга басканды үйрөнөлү. Болбосо тажиктерге окшоп жинди калк деген атка конуп калбайлы.
Орустар илгертен башка элдерди бири бирине кайраштырып саясат жургузуп келишкен,
Бугунку кундо дагы ошол эле саясатын жургузуп келатат.
Разделяй и властвуй деген терминди колдонушат
Озгочо турк тилдуу элдерди бири бирине кайраштырган саясатын жургузуп келатат