super.kg logo
  Спорт  

"Муну Сирияга жөнөтүш керек". "Челсинин" күйөрмандары Ромелу Лукакуну тез арада сатууну талап кылышууда. Эмнеге?

 

"Челси" футболдук клубу өзүнүн бельгиялык чабуулчусу Ромелу Лукакуга акыркы маегинде күтүүсүз билдирүү жасаганынан улам нааразы болууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы футболчу журналисттерге "Интер" клубунан "Челси" клубуна өтпөшү керектигин айткан. Ал ошондой эле италиялык клубдун күйөрмандарына жылуу сөз менен кайрылып, "Интерге" кайтып барууну каалап жатканын айтып, титул алып келүүгө убада берген.

Мындан улам "Челси" клубунун күйөрмандары ага карата түрдүү сын-пикирлерди жазышууда. Ага айтылган сын-пикирлер ушул күнгө чейин социалдык тармактарда басаңдай элек. Күйөрмандар клубга жети жылдан кийин өткөн жайда гана кайтып келген Ромелу Лукакуну сатууну талап кылышууда.

"Челси" клубунун расмий Instagram баракчасына күйөрмандар төмөндөгүдөй пикирлерди жазышууда: "Лукаку ОУТ". "Лукакуну Сирия Лигасына ижарага берүү керек!". "Жиру Лукакуга караганда жакшы болчу". "Мен Лукакуну бул жерден көргүм келбейт". Муну сатуу керек!". "Ал бул жерде ойногонго татыктуу эмес."

Ромелу Лукаку 2021-жылдын август айында "Интер" клубунан "Челсиге" 115 миллион еврого өткөн. Бул сезондо бардык турнирлерде чабуулчу лондондук клуб менен 18 оюнга катышып, жети гол киргизип, өнөктөштөрүнө эки жолу голдук пас чыгарып берген.

Эске салсак, бельгиялык футболчу 2011-жылдан 2014-жылга чейин "Челси" клубунда ойногон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
03.01.2022. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сатыш керек, бирок азыр эмес
03.01.2022. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Челси адашты Лукакуну алып,ошого кеткен акчага Холландды тартып кетсе болмок
03.01.2022. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,Холанд Челсиге отпоймун деген да
03.01.2022. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Лукаку жакшы чабуулчу ойунга аз чыгып атат ошон учун ушундай ойун айткан ар Бир Адам ойун айткканга укуктуу да
03.01.2022. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Челси Еден Азарга муктаж ошол жетелейт
03.01.2022. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саткыла Аубамеянгды сатып алгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: