super.kg logo

Тургундардын талабынан кийин... Казакстанда газдын баасы төмөндөтүлөт

 


Казакстандын Жанаозен шаарынын тургундары жаратылыш газга болгон бааны төмөндөтүү талабы менен массалык түрдө митингге чыгышкан. Коңшу өлкөнүн басылмалары аталган аймакта 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге чейин көтөрүлгөнүн жазышат.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен өкмөт комиссия түздү.

"Суюлтулган мунай газынын баасын жөнгө салуу боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырат. Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттик май куюучу жайлардын ээлери менен бааларды сүйлөшүп алуу боюнча иликтөө иштерин баштады. Баа коридорлорун түзүү аркылуу баалардын узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу жана газдын баасынын алып-сатарлык көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча системалуу чаралар ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Мангистау облусундагы май куюучу жайлардын ээлери бизнестин социалдык жоопкерчилигинин алкагында газдын литрин 120дан 85-90 теңгеге чейин арзандатуу боюнча демилгелүү чечим кабыл алышканы белгиленди.

Өкмөт, Мангистау облусунун акимиаты жана прокуратура менен бирдикте коомдук тартипти бузууга байланыштуу болгон окуяларга укуктук баа берүү боюнча чараларды көрөрү маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: