super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдыгына арналган оор атлетика боюнча Эл аралык мелдеш старт алды

 

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда оор атлетика боюнча Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган Эл аралык мелдеш старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет. 

 Маалыматка ылайык, оор атлетика боюнча жыйырма алтынчы Эл аралык мелдеш 22-ноябрга чейин созулат.  Анда уландар 8 салмак категориясы боюнча (56, 62, 69, 77, 85, 94, 105, 105 кидлограммдан өйдө), ал эми кыз-келиндер 7 салмак категориясында (48, 53, 58, 63, 69, 75, 75 килограммдан жогорку салмакта) күч сынашышат. 

Эске салсак, мелдеш оор атлетика боюнча 4 жолку Дүйнө чемпиону, 2 жолку Европа чемпиону жана 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдыгына арналып уюшулууда. Каныбек Осмоналиев бүгүн, 19-ноябрда 60 жашка толду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: