super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Кыргыз-корей инвестициялык форумунда сүйлөп баштады

 
Бүгүн, 19-ноябрда биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев Кыргыз-корей инвестициялык форумунда сүйлөп баштады. “Кыргызстан Борбор Азиядагы биринчи парламенттик башкарууну тандап алган өлкө болуп саналат. Учурда бизге экономиканы өнүктүрүү керек. Ал эми инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн креативдүү ыкмаларга муктажбыз. Орто Азия чөлкөмүнүн ичинде азыркы тапта Кыргызстандагы салыктар эң төмөн. Приоритеттүү тармак болуп эсептелген айыл чарба продукцияны кайра иштеп чыгаруу бардык салыктан бошотулган. Акыркы ай ичинде эле экспорт үчүн керектүү документтердин санын кыскарттык. Бул жагынан алганда, Сингапурдун деңгээлине жеттик. Эки апта мурун президент ишкердикти жүргүзүү боюнча лицензиялардын санын азайткан документке кол койду. Ал 600дөн 100гө түштү. Келечектүү тармактардын башында энергетика жана тоо кен тармагы турат. Пайдалуу кендерге Кыргызстан бай өлкө”,- деп Жоомарт Оторбаев корей ишкерлерине Кыргызстан тууралуу айтып өттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: