super.kg logo

Францияда коронавирустун белгисиз түрү табылды

 

Франциянын түштүгүндө коронавирустун белгисиз жаңы түрү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымака ылайык, Камерундан кайтып келген француздардын арасында COVID-19дун белгисиз түрү табылган. Дарыгерлер бул штаммдын инфекциясы Африка өлкөлөрүндө кеңири таралганын айтышты. Марселден келген окумуштуулар изилдөөсүндө жаңы вируста 46 мутация бар экени аныкталган. Бул B 1.640.2 деп аталды. Азыркы учурда жаңы штаммдын коркунучу жана инфекциялык деңгээли боюнча белгисиз жана так маалымат жок. Белгилей кетсек, буга чейин орусиялык изилдөөчү Александр Драган ооруканаларда азыркы учурда жаткырылган жана каза болгон бейтаптардын санына таянып, коронавирус пандемиясы 2022-жылы да токтобой турганын жана бүт дүйнөдө омикрон штаммына байланыштуу дагы эки толкун болот деп айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.01.2022. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уже кандай туру чыкса да жанылык болбой калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: