Ооганстан менен Түркмөнстандын чек арасында атышуу болду
Ооганстан менен Түркмөнстандын чек арасында атышуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ооганстан менен Түркмөнстандын чек арасында талибдер менен түркмөн чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болду. Атышуу 3-январдын таңында Ооганстандын Жаузжан провинциясынын Хамаб районунда болгон. Башка маалыматтар азырынча белгисиз.
Буга чейин декабрь айында ушундай эле окуялар Ооганстандын Иран жана Пакистан менен чектешкен аймагында болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Диний негизде жасалган чабуул эң бир акмакчылык болуп эсептелинет!