super.kg logo

АКШнын мурдагы президенти Трамптын балдары сотко чакырылды

 

Нью-Йорктун башкы прокурору Летисия Жеймс АКШнын мурдагы өлкө башчысы Дональд Трамптын балдарын сотко чакырды. Бул тууралуу 3-январь күнү "The New York Times" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын июль айында Трамптын "Tramp Organization" компаниясы салык мыйзамын бузгандыгы үчүн айыпталган. Тиешелүү кылмыш иштери компанияга жана Трамптын балдарынан сырткары компаниянын каржы директору Аллен Вайссельберге дагы козголгон.

Белгилей кетсек, аталган уюм 15 жылдан бери салык төлөөдөн качкан кылмыш схемасы менен алектенип келген. Алар алдамчылык, мүлктү уурдоо жана документтерди жасалмалоо боюнча айыпталууда. Прокуратуранын маалыматы боюнча, уюм жалпы 1 миллион 700 миң доллар суммасындагы салыкты төлөөдөн баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: