super.kg logo

Казакстанда нааразычылык акциялары уланууда. Бул жолу Актау шаарынын тургундары да катарга кошулду

 

Казакстандын бир катар аймактарында газдын кымбатташына каршы нааразычылык акциялары уланууда. Бул тууралуу Казакстандын бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта митингге чыккандардын катарына Актау шаарынын тургундары да кошулганы, 16 миңдей тургун чогулганы, арасында көп балалуу энелер дагы бар экендиги айтылат.

"Актауда митингчилер менен өкмөктүк комиссиянын мүчөлөрү жолугушту. Бийлик өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын белгилешти. Казакстандын вице-премьер-министринин орун басары Ералы Тугжанов бардык тараптарды канааттандыра турган алгылыктуу, калыс чечим кабыл алууга аракет кыларын айтты", - деп жазылат маалыматтарда.

Белгилей кетсек, Казакстандын Жанаозен шаарынын тургундары жаратылыш газга болгон бааны төмөндөтүү талабы менен массалык түрдө митингге чыгышкан. Коңшу өлкөнүн басылмалары аталган аймакта 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге чейин көтөрүлгөнүн жазышкан.

Кийинчерээк президент Касым Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен өкмөт комиссия түзүп, бааны жөнгө салуу боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырарын убадалаганын казак басылмалары жазышкан. Ал эми Мангистау облусундагы май куюучу жайлардын ээлери бизнестин социалдык жоопкерчилигинин алкагында газдын литрин 120дан 85-90 теңгеге чейин арзандатуу боюнча демилгелүү чечим кабыл алышканы белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.01.2022. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртерээк баштап алыпсынар. Жазында баштасанар жакшы болмок
04.01.2022. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактарда ал дух жок, алар эптей албайт!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: