super.kg logo

"Калктын муң, муктаждыгын жеткирүүгө акым бар". Кайрат Нуртас митингчилерди колдогон пикирин айтты

 


Казакстандагы газдын кымбатташына каршы митинг 1-январдан бери уланууда. Нааразычылык акциясына чыккандардын катары көбөйүп, ар кайсы облус, шаарлардын тургундары чогулууда. Митингчилерди колдогон пикирин Казакстандын белгилүү ырчысы Кайрат Нуртас жазып чыкты. Ал абал тез арада оң жагына чечилеринен үмүт кыларын белгиледи.

"Калк - Алланын бир аты, казак эли өтө сабырдуу, көтөрүмдүү, көтөрүлүшкө себепсиз чыга бере турган калк эмес. Дал азыркы жагдайда мен батыштагы агайыңдарды колдойм. Себеби эл арасында жүрөм, алар Кайрат Нуртас болуп калыптанышыма себепкер болушкан. Ошондуктан калктын муң, муктаждыгын жеткирүүгө акым бар. Элдин турмуштук жагдайы төмөндөп кетти. Эч өзгөрбөгөн айлык акыга карабай азык-түлүктөн баштап баары кымбаттады. Элибиз болгону убайым, кайгысыз жашоону каалайт. Өкмөт башчылардын эл Алланын аманаты экенин унутпоосун суранам. Президент Касым Жомарт Токаев тез арада оң чечим чыгарат деп үмүт кылам. Элибиз тынч, журтубуз аман болсун!", - деп жазат ырчы.

Белгилей кетсек, Казакстандын Жанаозен шаарынын тургундары жаратылыш газга болгон бааны төмөндөтүү талабы менен массалык түрдө митингге чыгышкан. Коңшу өлкөнүн басылмалары аталган аймакта 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге чейин көтөрүлгөнүн жазышкан.

Кийинчерээк президент Касым Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен өкмөт комиссия түзүп, бааны жөнгө салуу боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырарын убадалаганын казак басылмалары жазышкан. Ал эми Мангистау облусундагы май куюучу жайлардын ээлери бизнестин социалдык жоопкерчилигинин алкагында газдын литрин 120дан 85-90 теңгеге чейин арзандатуу боюнча демилгелүү чечим кабыл алышканы белгиленген.

Бүгүн, 4-январга карата Актау, Нур-Султан шаарларында да акцияга чыккандар болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: