super.kg logo

Казакстандын Караганда шаарында да кеч киргенине карабай митингге топтолушууда

 

Казакстандын Караганда шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгүнө бүгүн, 4-январда кечке жуук кеминде 200 киши топтолду. Мындай маалыматты "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Ага ылайык, топтолгондор өлкөдө газдын кымбатташына нааразы болуп митингге чыккан Жанаозен шаарынын жашоочуларына тилектештик кылып келишкенин билдиришкен. Өз кезегинде карагандалык жашоочулар азык-түлүккө болгон баанын кескин кымбатташына да нааразы экендигин билдиришкен.

"Нааразычылык акциясына чыккандар Караганда облусунун акими Женис Касымбектин келишин талап кылышууда. Азыр эл топтолгон жайда акимдин өкүлдөрү бар. Бийлик элди тарап кетүүгө чакырууда, бирок алар тарабай жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Казакстанда жыл нааразычылык акциясы менен башталды. Тактап айтканда, 1-январдан тартып аталган өлкөдө газдын баасы 120 теңгеге чыккан. Буга нааразы болуп 2-январда Жанаозен шаарынын жашоочулары митингге чыгышкан. Ошондон бери митингчилерге өлкөнүн башка шаарларынын жашоочулары да кошулуп, нааразычылык акциясы уланууда. Кененирээк бул шилтемеден окусаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.01.2022. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынчылык эле болсун баурларда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: