super.kg logo

"Чал кет!". Казакстандагы митингден кечкиге карата алынган видеолор топтому

 

Казакстанда газдын бир литринин баасы 120 теңгеге чыгып, элдин нааразычылыгын жаратты. Мындан улам 2022-жылдын 1-январында айрым облустун тургундары акцияга чыгышып, кийинчерээк алардын катары толуктала баштады. Алсак, бүгүн, 4-январдын кечине карата Казакстандын бир катар шаарларынын жашоочулары митингчилердин катарына кошулууда.

Казак басылмалары тараткан видеолорго, билдирүүлөргө ылайык учурда Астана, Алматы, Актөбе жана Актау аймактарынын жашоочулары массалык түрдө митингге чыгышты. Нааразы болгондор "чал кет!" деп кыйкырышууда.

Митингчилер муну менен гана тим болбостон, унаа жолдорду тосуп, акимиатты басып алуу аракеттерин көрүшүүдө.

Ал арада казак президенти Касым Жомарт-Токаев митингчилерге кайрылып, элдин бүтүндүгүн бузууну көздөгөндөрдүн жетегение түшпөөгө чакырды.

Эске салсак, Казакстанда жыл нааразычылык акциясы менен башталды. Тактап айтканда, 1-январдан тартып аталган өлкөдө газдын баасы 120 теңгеге чыккан. Буга нааразы болуп 2-январда Жанаозен шаарынын жашоочулары митингге чыгышкан. Ошондон бери митингчилерге өлкөнүн башка шаарларынын жашоочулары да кошулуп, нааразычылык акциясы уланууда. Кененирээк бул шилтемеден окусаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
04.01.2022. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Газ, комур элдин байлыгы болуп эсептелинет. Ошондыктан элге арзан берилиши керек. Биздин Садыр Жапаров болгондо арзандатмак.
04.01.2022. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Видеоңор көрсөтпөгөндөн кийин сайтка эмне жүктөдүңөр?
04.01.2022. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Simels, менден видеолор көрсөтүп жатат. Сизде интернет жакшы тартып жатабы?
04.01.2022. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызжибек Раимова, Ооба эжекеси интернетим бар тытып эле иштеп жатат. The media could not be loaded, either because the server or network failed or because the format is not supported - деп Х белгиси болуп чыгып жататта.
04.01.2022. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Simels,кайсы аймактан же өлкөдөн киресиз сайтка?
04.01.2022. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Simels, интернет слабый болгондо ошентип калат.
04.01.2022. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Simels, )) менде дагы ошентип чыгат постоянно супердики,мен Москвадан кирем интернет жакшыле иштеп атат бир эле супердин видеолорун корсотпойт дайыма бугун эле эмес
04.01.2022. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Simels, Туура айтасың, катып-катып нормальный көрсөтпөй тажатты ушулардын видеосу.
04.01.2022. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Таластык эки Кыргызды кошуп алса болмок экен. Жарым тундо калыбына келтирмек экен.
04.01.2022. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Taalaibek., Таластыктын өпкөсү таласта эле сожгуть, сыртка чыкканда өчүп эле калат))!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: