super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев Олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Каныбек Осмоналиевич! 60 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сизди кыргызстандыктар атактуу спортчу жана машыктыруучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер катары жакшы билишет.

Сиз Кыргызстан үчүн эң жогорку спорт сыйлыгын - Олимпиаданын алтын медалын жеңип алгансыз. Дүйнөнүн, Европанын, СССРдин бир нече жолку чемпиону болгонсуз. Кыргызстандыктар сиздин спорттогу жетишкендиктериңиз менен абдан сыймыктанышат. Сиз талыкпаган эмгегиңиз, жеңишке болгон умтулууңуз менен ысымыңызды алтын тамга менен  Кыргызстан спортунун тарыхына жазууга жетиштиңиз.

Спорт карьераңызды аяктаган соң, сиз жаштар менен иштешүүгө баш-отуңуз менен кириштиңиз. Спорт жана машыктыруучулукту коомдук иш менен бирге алып барып,  өлкөдө дене тарбиясын жана спортту даңазалоого жана өнүктүрүүгө олуттуу  салым кошуп жатасыз. Мол тажрыйбаңызды, машыктыруучулук  өнөрүңүздү жана болгон күч-кубатыңызды мындан ары дагы Кыргызстандын жаркын келечегине -  чемпиондордун жаңы муунун тарбиялоого жумшайсыз деп ишенем!

Сизге чың ден соолук, узак өмүр жана зор бакыт-таалай каалайм!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: