super.kg logo

"Назарбаевдерсиз!". Казакстанда нааразычылык акциясы курчуп, демонстранттарды кармоо башталды

 


Бүгүн, 4-январь түн киргенине карабай коңшу Казакстанда митингге чыккандар күч алды. Аталган өлкөнүн чоң шаарларында акцияга кошулгандардын саны арбып, жарандар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Анда "Назарбаевдерсиз!" деген жазууларды окууга болот.

Ал эми баш аламандыктын алдын алуу максатында Актау шаарында укук коргоочулар, аскер кызматкерлери тартылган видеолор тарады. Анда видеонун автору "2011-жылдагыдай согуш болуп кетпесин" дегенин угууга болот.

Ал арада Алматы шаарында укук коргоочулар демонстранттарды кармап башташты. Айрым аймактарда интернет толук өчүрүлгөнү айтылууда.

Эске салсак, Казакстанда жыл нааразычылык акциясы менен башталды. Тактап айтканда, 1-январдан тартып аталган өлкөдө газдын баасы 120 теңгеге чыккан. Буга нааразы болуп 2-январда Жанаозен шаарынын жашоочулары митингге чыгышкан. Ошондон бери митингчилерге өлкөнүн башка шаарларынын жашоочулары да кошулуп, нааразычылык акциясы уланууда. Кененирээк бул шилтемеден окусаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: