super.kg logo
  Саясат  

Депутат Чолпон Султанбекова өкмөттү Араб мамлекеттери менен кызматташууга чакырды

 

“Кыргызстанга инвестиция тартууда кыргыз бийлиги араб мамлекеттерине да көңүл бурса”,-деди “Республика” фракциясынын депутаты, вице-спикер Чолпон Султанбекова 19-ноябрдагы маалымат жыйында.  

“Кыргыз бийлиги инвестиция тартууда мурдагы эле көнүмүш болгон мамлекеттерге кайрылууну адат кылып алган. Ошондон улам эл аралык умюдардын өлкөдөгү өкүлчүлүгү бар мамлекеттер менен гана кызматташуудабыз. АКШ, Орусия сыяктуу кайрымдуулук көрсөткөн Араб өлкөлөрү дагы бар. Ошондуктан алар менен да мамлекеттер аралык алакаларды күчөтүп, тышкы саясатты жүргүзүү багытын карап чыксак деген сунушту айтып жатабыз”,- деди ал өз сөзүндө.  

Кошумчалай кетсек, ЖКнын депутаттары 26-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын бир нече шаарларына иш сапар менен барып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Аджман эмирлигинин башкаруучусу Кыргызстанга 5 миллион долларды кайрымдуулукка бере турган болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: