Казакстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу президенттин тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү
Казакстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Алихан Смаилов президенттин тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алихан Смаилов газ тармагын өнүктүрүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгууну жана Мангистау облусунда газ өндүрүүчү заводдун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин мамлекеттик экспертизадан өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу 180 күндүк мөөнөткө газга, бензинге жана дизелдик отунга бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү боюнча тиешелүү ченемдик актыны кабыл алууну тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.