super.kg logo

Алматы акимиатынын имараты өрттөнүп жатат. Аскер кийимчендер көчөдө сабалууда

 

Ушул саамда Алматы акимиатынын имараты өрттөнүп жатат. Бир нече мүнөт мурун митингчилер имаратты басып киришкен. Бул арада бир катар телеграмм-каналдары андагы абалдын видеолорун таратууда. Анда айтылган маалыматтарга караганда, күч түзүмдөрү нааразы болуп чыккан тараптарга багынып беришти. Айрым кабарларда, митингчилер алардын куралдарын тартып алышкан.

Дагы бир видеодо аскер кийимчендер жолдо жарадар болгондорун сүйрөп жүргөнү көрүнөт. Дагы бир видеодо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин эл сабап жатканы айтылат.

Эске салсак, 2-январда Мангистау облусунда газдын баасы 120 теңгеге жетти деп нааразы тараптар митингге чыккан. 4-январда анын масштабы Казакстандын дээрлик бардык аймагына жайылып, 5-январга караган түн митингчилер менен бийликтин, күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу менен өткөн.






Алматыда солдаттарга ок тийгени айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: