super.kg logo

Бишкек-Ош жолунда унаанын ичинен аял кишинин жансыз денеси табылды

 

Бишкек-Ош унаа жолунда унаанын ичинен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 4-январь күнү саат 21:50 чамасында Ош ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана ИИМдин Шумкар атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунда кызмат өтөп турган учурда Дэу-Тико унаасынын айдоочусу келип токтоп, артта унаанын ичинде айдоочу менен жүргүнчү урушуп жатат деген кабарды айткан.

Кызматкерлер унааны издеп барышканда окуя болгон жерде токтоп турган Хундай-Соната унаасы ордунан жылып жөнөгөн. Унаанын артынан барып токтотуп текшерген учурда машинанын ичинен аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын байкап, кызматкерлер айдоочуну Кара-Суу РИИБине алып барышкан.

Териштирүүдө каза болгон аял Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну, айдоочу Кара-Суу районунун 1983- жылы туулган М.А. аттуу тургуну экени такталган.

Азыркы учурда "адам өлтүрүү" фактысы боюнча иш козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Унаа атайын айып короо жайга токтотулуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: