super.kg logo

Өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны өсүүдөбү? Министрликтин жообу

 

Бүгүн, 5-январда COVID-19дун 152 жаңы учуру катталды. Бул акыркы үч айга салыштырмалуу болжол менен 3-3,5 эсе көп. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, катталган учурлардын мындай саны лабораториядагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу топтолгон.

"31-декабрда, 1-2-январда лаборатория кызматкерлери эс алышты. Дүйшөмбүдөн тартып иштей башташты. Бүгүнкү маалыматтар – бир нече күндө топтолгон анализдердин жыйынтыгы", - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.

Анын айтымында, азырынча оорунун кыйла өсүшү белгиленген жок. Саламаттыкты сактоо министрлиги кырдаалды талдоодо. Кандай болгон шартта дагы жарандарга санитардык эрежелерди сактоо – бет кап тагынуу жана колду туура жуу сунушталат.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан тарта өлкө боюнча жалпы 185 миң 31 адам жабыркады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.01.2022. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек араны карупця сын караган эчким жок конешна кобойота кошна мамлекетен кирсе анализ алып акча алып койо берет экен жообу 6, саатан кийн чыгат деп койот экен агачейн баарына жуктуруп бутота
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: