super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Бизнесте жүргөнүм үчүн бул ишти жакшы билем. Кезинде президент Волга менен жүргөндө, менин Мерседесим бар эле"

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-ноябрь күнү Сеул шаарында өтүп жаткан Кыргыз-Корей инвестициялык форумуна катышып, бизнес өкүлдөрүнүн алдында ишкердүүлүк тармагына токтолуп өттү. "Өзүм кезинде Кыргызстанда бизнес кылчумун. Ийгиликтүү иш алып барганымдан, президент Волга менен жүргөндө, менин Мерседесим бар болчу. Мунун баарын кийин тартып алышты. Бирок бүгүн өлкөдөгү абал мындай эмес, Кыргызстанды бир үй-бүлө уурдап-тонобойт, кимдир бирөөгө пара берип коюу менен ишкердикти баштоо жолу жок. Эгерде кимдир бирөө кылмышка барса, ал жоопкерчиликке тартылат. Кол тийбестер жок",- деди президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы андан ары сөзүн улай, бүгүнкү күндө башкы өнөктөштөр Орусия менен Кытай экенин, анын катарында Корея Республикасы менен тыгыз кызматташуу алып барууга чакырды. "Эгерде Кыргызстанга адилеттүү инвестор келсе, ал көп акча таба алат жана эң жогорку колдоого ээ болот. Өлкөдөгү 20 миңдей этникалык корейлер түрдүү тармактарда иш алып барышат. Арасында парламенттин депутаты да, Кыргызстандагы эң чоң гезиттердин биринин ээси болгону да бар. Бул кыргыз элинин өнөрүнө жараша баалай тургандыгынан жана толеранттуу экендигинен кабар берет",- деди Алмазбек Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: