super.kg logo

Курал жарактан тартып айфонго чейин... Казакстанда мародёрлук болду деген видеолор тарап жатат

 

6-январга караган түн. Казакстанда абал көзөмөлдөн чыгып кетти. Касым-Жоомарт Токаев буга чейин Коопсуздук Кеңешинин төрагасы да болорун жарыялаган болчу. Көп өтпөй Жаматтык коопсуздук келишим уюмунан жардам сурап кайрылды. Анда ал бул аша чапкандык экенин белгилеп, атайын уюштурулуп жаткан, болгондо да көптөгөн даярдыктардан кийинки иш деп сыпаттады. Ошондой эле ал митингчилер шаарларды талкалап, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин сабап, кыйнагандан тышкары курал сакталган жайлардан бери басып алышты деп белгиледи.

Учурда бир катар телеграм-каналдарда Казакстандын Алматы шаарындагы ири соода түйүнүндө мародёрчулук болду деген видео тарады. Анда уюлдук телефондордун кутулары жерде чачылып жатканы, текчелердеги айнектер талкаланып жатканы көрүнөт. Ага катар эле митингчилер банкка кирип тоноп жатышат деген да видео тарады.

Дагы бир видеого митингге чыккандар Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын куралдары сакталган кампага кирип барышты деп жазылган. Жергиликтүү активисттер казак жарандарын талап-тоноочулукка барбоого чакырып, бул үчүн кылмышкер 5 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экендигин эскертишүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
06.01.2022. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи митингде ушундай болот, Крда деле ушундай болгон!!!
06.01.2022. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булардын оппозициясы жок болуп атпайбы. Кеп ошондо бизде ар бир тонкорушто элди башкарып тургандар болгон да ал эми буларда жок. Эгер Токаев кетсе ордуна кимди алып келишин деле билишпейт
06.01.2022. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баардык келтирилген чыгымдым ордун элдин акчасына калыбына келтирет. Мамлекеттин акчасы бул карапайым элден чогулган налогдун акчалары.
06.01.2022. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алдына чыкканды эле талкалай бергендин эмне пайдасы бар. Медициналык жардам орт очургуч машинелерди деле талкалап жатышат ал туура эмес
06.01.2022. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1 чи митинг казак туугандар кийин тажрыйбалуу болуп калышат бизге окшоп )))
06.01.2022. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Видеолор ачпай жатат да менде, кантип көрө алам туугандар айтып койгулачы.
06.01.2022. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Э туугандарым биз мактанбайлы бизден үйрөнүшсүн, биз баары бир баатырбыз деп. Өз үйүңдү талкалап, өз үйүңдү тоноп, өз бийлигиңди кулатып эмне үчүн төш кагабыз баатырбыз деп. Эгер чындап коопсуздук күчтөрүн Өзбекистандай кылып салып жиберсин ат деп. Чычар жериң Самарканд болуп кетет. Баатыр жоодо өлөт. Өз үйүңдөгү мас болуп кыйкырып, өкүрүп бийликке каршы операцияны баатырдык деп болобу. Чекарага чык, аябас жоо менен алышып жериңди корго, мына баатырдык!
06.01.2022. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaraisyn, жарайсын!!
06.01.2022. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaraisyn,эн туура !!!!
06.01.2022. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Казактарга өтө эле ашынып мактаныштын кереги жок. Бизде да талап,тоноо болгон мезгилинде. Ошол талап, тоноп үйлөрдү өрттөгөн жарандар максатсыз көчөгө чыккан чыккынчылар. Бийликти оодарыш үчүн кайсы бирөөнүн магазинин тоноп ( бала-чаканын ырыскысын) бирөөнүн үйүн, унаасын өрттөп, өзүң жашаган шаарды талкалоо бул не деген баатырдык?! Ошонун айынан өлкөбүз артта калып отурат. Төрт жагыбыздан кошуналар тарткылап.
06.01.2022. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaraisyn,акыркысында элдик кошуундар эле мородёрлордон шаарды сактап калышты. Болбосо башаламан окуядан колдонуп калайын дегендер ар бир коомдо бар.
06.01.2022. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аалымыбыз Максат ажы Токтомушев айткан "Бироонун акысы бироого арам" деп. Мындай кылгандары туура эмес. Ылайым тынчылык болсун эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: