super.kg logo

6-январь: Казакстандын бардык аймагында интернет өчтү

 

Коңшу Казакстандын бардык аймагында интернет жана чалуулар өчтү. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, учурда бүткүл Казакстандын аймагында интернетке кирүү жеткиликтүү эмес. Алматы шаарында телефон менен сүйлөшүү мүмкүн эмес. Анын ичинде бийликтин сайттары, маалымат каражаттары дагы деле иштебей турат.

Эскерте кетсек, буга чейин Алматы шаарынын комендатурасы билдирүү таратып, анда укук коргоо органдары шаарда антитеррордук атайын операцияны баштаганы айтылган. Кечээ, 5-январда уюлдук байланыш жана интернетке кирүү күндүн көпчүлүк бөлүгүндө жок болуп, түштөн кийин иштеген. Бүгүн, 6-январга караган түнү Казакстандын бүткүл аймагында интернет өчтү.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: