super.kg logo

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси кызматтан кетти

 

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп Ермек Сагимбаев дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Касым-Жомарт Токаев кол койгон.

"Эрмек Сагимбаев Казакстан Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулуп, Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалсын", - деп айтылат буйрукта.

Аталган өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов Алматыдагы тополоңдордон улам кызматтан алынган.

Митинг тууралуу кыскача:

Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, баш аламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.

Ал арада президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, кагылышууда жабыркагандар, каза болгондор бар экенин айтып, аскер кызматкерлерине, укук коргоочуларга ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай кырдаалда өлкөдөн тышкары чыкпай турганын, эл ага колдоо көрсөтөрүнө ишенерин белгиледи.

Абал курчуганына байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы дагы өлкөдөн чыкканы айтылды. Ал эми туңгуч президент өзү чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кетүүгө даяр экени кабарланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: