Алматы: Атышуу болуп жаткан аянттан аскер кызматкерлери чыгып кетишти
Атышуу болуп жаткан Алматы шаарынын борбордук аянтын аскер кызматкерлери таштап кетишти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазды.
"Бардык аскер кызматкерлери атышуу болуп жаткан аянтты таштап кетишти", - деп жазылат маалыматта.
Учурда аянтта топ-топ болуп турган адамдар желектерди желбиретип турушат.
Буга чейин Алматынын борборунда катуу атышуу жүрүп жаткандыгы кабарланган.
Шаарды коюу туман каптаганына байланыштуу журналисттер менен адамдарды аскер кызматкерлери 100 метрдей чет жакка жылдырышкан.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
zhaynak

06.01.2022. 12:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажиктерге корсотуон военный жардамынарды алгыла кайра казактар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.